www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Кечедегилер кум аралаш көмүр сатып, коррупциялык схема түзүп алганы аныкталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн журналисттер менен болгон маалымат жыйынында билдирди. Өлкө башчы быйыл кышка даярдык жакшы экенин жана көмүрдүн баасын көзөмөлгө алуу боюнча тапшырма бергенин белгиледи.
"Кара-Кече өз ишин кеч баштады, ачыгын айтышыбыз керек, себеби - саботаж болуп атты. Ал жакта көмүрдөн ичип-жеп жүргөн аткаминерлер камалды. Булар коррупциялык схема түзүп алыптыр. Ар кайсы жерде филиалдары бар. Маселен, бир филиалына 20 тонна көмүр түштү деп кагазга жаздырып, акчасын бөлүп алышат, бирок көмүрдү түшүрүшпөйт. Анан жетпей калган көмүргө кум аралаштырып ТЭЦке тапшырышат. Ал жактагы лаборанттар дагы таза көмүр деп өткөрүп койчу экен. Биз ошол көмүрдү жагып жүрүптүрбүз. Капкара түтүн болуп, күйбөй жатканы ошондон экен", — деди президент.
Садыр Жапаров - жайлата бул мафия менен күрөш жүргөнүн, учурда ТЭЦке таза көмүр алып келинип жагылаарын да айтты.
Ошондой эле, ал жакынкы убакта диверсанттар пайда болгонун, алар Кара-Кечедеги атайын техниканын май куюучу бактарына шекер салып кетип, анын айынан автоунаалар бузулуп калганын да айтты. Бул боюнча тергөө иштери жүрүп, күнөөлүүлөр изделип жатканын белгиледи.
Мындан сырткары, Жапаров кышында электр жарыгы өчпөй турганына ишендирди.
Булак: NazarNews.kg