www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциянын жаңы долбоору он чакты күн ичинде даяр болот. Бул тууралуу 9-ноябрда Нарында эл менен жолугушууда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.

Ал адистер Баш мыйзамдын долбоорун даярдап бүтүп калышканын айтты:

«Элге талкууга коёбуз. Өзүңөр чечесиздер. Азыр бизде парламенттик башкаруу. Бул жерде президенттик башкаруу деген сунуш болуп жатат. Парламент аралашма болсун деп жатат: жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык. Анан курултай институтун киргизебиз. Жылына бир жолу бардык айылдардан 2-2,5 миң адам Бишкекке чогулуп, президенттен жана парламенттен отчёт алып турасыздар».

Эске салсак, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыгышкан. Акциядан кийин башаламандык башталып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Ал эми мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өткөнү жатат. Парламенттик кайра шайлоону бийлик конституциялык реформадан кийин өткөрүүнү пландоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости