www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров кыргыздын Путини боло алабы?

Белгилүү француз саясий серепчиси, азыркы кезде Джордж Вашингтон университетиндеги Борбор Азия боюнча программанын жетекчиси профессор Марлен Ларюэль «Садыр Жапаровду кээ бирөөлөр Дональд Трампка салыштырышканы, анын популист жана улутчул сапаттарын жана ийгиликтүү социалдык медианы пайдалана алгандыгына таянып айтып жатышса керек. Бирок, мен Жапаровду «кыргыздын Путини» деп айтат элем. Анткени ал мамлекеттик башкаруу эффективдүүлүгүн жогорулатам деп умтулууда» деп Лондондогу эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту өткөргөн талкууда пикирин бөлүштү.

Профессор Ларюэлдин айтымында, кыргыз элинин жабыла Жапаровду колдогонунун себеби, акыркы жылдары мамлекеттик кызматтын деңгээли өтө төмөн түшүп кеткенинде. Ал атайын мисал катары жайында Кыргызстанда COVID-19 пандемиясынан улам катастрофалык абалды эскертип, Жээнбековдун режиминин аяктоосу парламенттик шайлоого эмес, ошол коронавирустан сактай албай калганына тийиштүү катары эсептейт.

Дональд Трамп эки жолу импичмент болуп, араң бир эле жолу президенттик мөөнөт кызматка тургандыгын эске алсак, Садыр Жапаровду ал киши менен салыштыруу шылдыңдоо деп билишибиз керек. Бул тууралуу Азия Ньюс гезити жазып чыкты.

Владимир Путиндин бийликке келгени болсо, ошол 1990-жылдардан кийин эң чоң кризиске баткан Орусияны олигархтардан жана бандиттерден куткарып, мыкты жана өзүнө ишенген, бутуна турган дүйнөлүк держава статусун калыбына келтиргенин эң чоң жана тарыхый ийгилик катары кабыл алышыбыз керек.

Ошол эле профессор Ларюэлъ сөзүнүн аягында Садыр Жапаров мамлекеттик бийликти бекемдей турганын колдоого алып, бирок «ал киши автократиянын кандай түрүн орнотот, али белгисиз. Балким ал толугу менен персоналдык культ киргизип, толугу менен оппозицияны жокко чыгарганга аракет кылат» деп да чочулады. Экинчи белги катары, профессор Ларюэль Жапаровдун ийгилигин уюшулган кылмыштуулукка болгон саясатынан баалай турганын билдирди. 

Белгилей кетсек, кечээ, 28-январда Кыргызстандын алтынчы президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясына миңден ашык киши – мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу бийликтеринин өкүлдөрү, экс-президенттер жана чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

Эске салсак, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты.

Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт Үйүндө болот. Мурдагы президенттер учурда Жогорку Кеңеш жайгашып турган имаратта иштеп келген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости