www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ сот Райымбек Матраимовдун 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген эпизоду менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен, биз соттун ишине кийлигишпейбиз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айткан.
«Райым Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн мойнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз», - деген Жапаров.
Эске салсак, 11-февралда Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салды. Судья Гүлзат Дыйканбаеванын чыгарган өкүмүнүн негизинде Матраимовдун жана анын жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкү ээлерине кайтарылган. Чет жакка чыкпоо боюнча тандалган баш коргоо чарасы күчүн жоготкон.
Булак: NazarNews.kg