www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентке шайлоодо мындан ары «алтын мандат», «биринчи ондук» же «биринчи жыйырмалык» деген коррупциячыл түшүнүктөр болбойт. Бул тууралуу 23-октябрда Бишкекте өтүп жаткан жылдык жыйында президент Садыр Жапаров билдирди. Ал партия лидерлеринин тизмедеги алдыңкы орундарды жүз миңдеген долларга баалаган өнөкөттүн токтой турганын айтты.

«Биз партиялар аркылуу жана бир мандаттуу округдардан жаңы, калың элдин ишенимине ээ болгон эл өкүлдөрүнүн парламентке келишине жол ачып жатабыз. Партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды сатып, бизнес жасоо практикасын жайылткан, акча жасоонун жана коррупциянын булагына айландырган эски, алдымчыл системаны жойдук», - деди Жапаров.

Быйыл 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Бир жыл мурдагы кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Быйыл Кыргызстанда Конституция жана бир катар мыйзамдар өзгөртүлдү.

Маалымат жыйынына 89 маалымат каражатынан 160тан ашык журналист катышууда. Ага Акылбек Жапаров баш болгон министрлер кабинетинин мүчөлөрү да катышууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости