www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Дубайга түз аба каттамдары жок болчу, бул мезгил ичинде биз аларга (индиялыктар менен пакистандыктарга) биздин өлкө аркылуу транзит менен өтүүгө уруксат бердик», - деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан маалымат жыйында.
«Бул 5 күндүк транзит болчу, бул аралыкта алар Ысык-Көлгө да барыптыр. Бирок мунун баары биздин көзөмөлүбүздө болчу. Коронавирус күчөгөндө, биз бул чечимди токтоттук», - деди ал.
Алар туристтер болчу, деп баса белгиледи президент. «Алар транзит менен келдиби же башка жол менен келдиби, айырмасы жок, бирок алар - туристтер. Туризм экономиканы көтөрөт, бюджетибизди толтурат. Мамлекеттик салык кызматы, бажы, жер казынасын пайдалануу жана туризм экономикабызды көтөргөн тармактар», - деди ал.
«Биз туризмге өзгөчө көңүл бурушубуз керек, аны бекемдешибиз керек», - дейт С.Жапаров. Анын айтымында, өлкөгө келген 1 турист кеминде 1000 доллар таштап кетет, бул аэропорттон баштап: такси кызматы, мейманкана ж.б. «10 миң турист келсе, анда баары жок дегенде 1000 доллар таштап кетет. Ал эми бул 2-3 айда өлкөдө 10 миллион доллар калат жегенди билдирет», - деди ал.
Президент айрым туристтер тартипти бузуп жатканын да белгиледи.
Булак: NazarNews.kg