www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-октябрдын кечинде Премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн алдында турган өзүнүн тарапкерлеринин алдына чыгып сөз сүйлөдү.

“Бирок бүгүн сүйлөшүүлөр бүтпөй калды, силер резиденцияга жөнөп жатышат дегенинен мен шашылыш бул жакка баса бердим. Эртең саат 11:00гө чейин убакыт бергиле. Президент кетет. Сүйлөшүүлөр аяктап баратат. Ортомчулар да суранышты эртең саат 11:00ге чейин деп. Ал кетет. Мени угуп койгула, акыркы жолу суранам. Эртең саат 11:00гө чейин тарап кеткиле. Ага чейин сүйлөшүүлөр бүтөт. Мен алданбайм”, – деди Садыр Жапаров.  

Эске сала кетсек, президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева, “Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков парламент премьер-министрдин кызмат ордуна Жапаровдун талапкерлигин жактыргандан кийин Садыр Жапаров менен жолугушту. Жыйында премьер-министр президент бүгүн кечинде кызматтан кетиши керек деген талабын айтты.

Сооронбай Жээнбеков азыр президенттиктен кетүүгө укугу жоктугун дагы бир жолу баса белгиледи. Өлкө башчы 2020-жылдын 9-октябрында айткан позициясын кармангандыгын эскертти, ал өлкөнү укуктук талаага кайтып келгенден кийин, парламенттик шайлоодон кийин, өлкөнүн жаңы президентин шайлоо жөнүндө жарыялангандан кийин кызматтан кетет” – деди президенттин катчысы.

Последние новости