www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путинге телефон аркылуу сүйлөшүү өтүнүчүн ШКУ саммити учурунда айтты.

Белгилүү болгондой эле алар бүгүн видеоконференция режиминде өтүп жаткан ШКУ саммитине катышууда.

Ошондой эле Жапаров Россияга жана жеке Путинге коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Кыргызстан евразиялык интеграция боюнча ар дайым Россиянын туруктуу өнөктөшү бойдон калат. Биз мамлекеттер аралык байланышыбызды бекемдөөгө алган багытыбыз боюнча иштей бермекчибиз. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда кызматташуулар боюнча маанилүү суроолорубуз бар. Аларды телефон аркылуу талкуулап алуу өтүнүчүмдү билдирем", — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Владимир Путин "Беларусь, Кыргызстан жана Молдова өздөрүнүн ички иштерин өздөрү чечиши керек, ЖККУга кирген кайсы бир мамлекеттин ички иштерине башкалардын кийлигишүүсү жалпы биримдик үчүн кооптуулук жаратат",- деп билдирген.

Эске салсак, видеоконференция режиминде өтүп жаткан кеңешмеде эл аралык жана аймактык маанилүү маселелер тууралуу сөз болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости