www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана аны өнүктүрүү келечеги, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар талкууланды.

Жапаров Кыргызстан Сауд Арабиясы менен эки өлкөнүн боордош элинин кызыкчылыгындагы өз ара колдоо жана бири-бирине болгон ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин айтты.

Сауд Арабиясы Кыргызстанга оор мезгилдерде ар дайым көмөктөшүп келгенин баса белгиледи.

Ал эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында Сауд Арабия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Саудду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Сауд Арабия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд чакырууга ыраазычылык билдирип, эки тараптуу алакалар жигердүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Ал Кыргызстан менен Сауд Арабия элдеринин кызыкчылыктарына жооп бере турган биргелешкен өз ара аракеттешүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости