www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңешке шайлоо таза өтүп, административдик ресурс колдонулбай турганын айтты. Бул тууралуу ал 21-октябрда Бишкектеги Токтогул атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өткөн мамлекеттик кызматкерлердин республикалык кеңешмесинде билдирди.
"Менин алдымда шайлоону таза өткөрүү милдети турат. Мындан ары бардык шайлоо таза өтөт. Болгон күчүбүздү жумшайбыз. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ага жол бербейбиз. Мындан ары мурдагылардын катасын кайталай бербей, келечек муунга үлгү болгон шайлоо өткөрүп беришибиз керек. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, кызматтан эле алынып тим болбостон жоопкерчиликке да тартылыш керек",- деди Жапаров.
Президент жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аким, мугалим, дарыгерлер шайлоодо кайсы бир саясий күчтөргө иштесе, жазасыз калбай турганын кошумчалады.
Республикалык кеңешмеге Жогорку Кеңештин депутаттары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, баш прокурор Курманкул Зулушев, президенттин облустардагы өкүлдөрү, акимдер катышууда.
Булак:NazarNews.kg