www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аз күн мурун Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчилигине Улан Сарбанов дайындалды. Эрксизден эски күндөрдү эстейсиң да. 2005-жылы Аскар Акаевдин бийлиги кулап, төңкөрүштүн шарапаты менен жаңы мыкчыгерлер келбеди беле?

Ошондо Мисир Ашыркулов, Медет Садыркулов жана Улан Сарбановго карата коррупцияга байланыштуу кылмыш иштери козголгону эсибизде. Убагында Баткен окуясына жардам катары жөнөтүлгөн 420 миң доллардын дайыны чыкпай, тергөө жүрүшүндө дагы 50 миң доллардын кошулганычы?..

Береги үч үлкөн чиновник “белгилүү себептер” менен камалбай калганы каңкууланган. Акырында Бакиевдер менен “соодалашып”, элдин ырыскысы кумга сиңген суудай эле жоголгонбу? Ошондо 470 миң долларды Ашыркулов, Садыркулов жана Сарбанов “ап” эткенби? Албетте, биз олуттуу суроо салдык. “Коррупция” беренеси боюнча канча жыл өтсө да жооп берүү мыйзамда көрсөтүлгөн. Эми кандай болот?

Садыркуловдун көзү өтүп кетсе, Ашыркулов менен Сарбанов “сайрап” береби? Бул жагынан ошол кездеги баш прокурор Азимбек Бекназаров үн катабы? Же "жабылуу аяк жабылуу бойдон” калабы?

Таң каласың, мамлекеттик жогорку кызматка тартып атканда өткөн чагын дыкат иликтеп, андан соң чечим кабыл алышса не? Ушундай. Биз коомду тазалаган “санитардай” милдетти аткарып атабыз. Андан аркысына тийешелүү жогорку жетекчилик баа берсе керек. Эл да карап турат...

Булак: Азия News гезити

Последние новости