www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда түрмөдөгү саясатчылардын абал-маанайы кандай? Биз бул боюнча учкай баяндап берели.

Негизинен, баары тең күрөшчүл позициядан кайта элек. Аз күн мурун демократ Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого талапкерлигин коюп, коомчулукка талкуу жаратканга үлгүрдү. Саясый шоу жасап.

Жеңиш Молдокматов аягына чейин күрөшөөрүн айтып, бийликке кекенүүсүн жашырбай келет. Курсан Асанов да демдүү, оппозициялык маанайда. Фарид Ниязов дагы эле кыжырдануу позициясын карманууда.

Абдил Сегизбаевдин ковидден кийин ден соолугу жакшы болбой, бир эсе бийликке каршы үгүттөгөн политтехнологдоруна алданып калганын, аларга нааразы экени айтылууда. Асылбек Жээнбеков өз чындыгы үчүн алектенип, ичтен кекенип атканы жашыруун эмес.

Төрөбай Зулпукаров анчейин өзүн пиар кылбай, “соодалашууга” кызыкдар бекен? Ал эми Алмазбек Атамбаев отурган сайын чыйралып, саламаттыгы начарласа да айбатын көрсөтүп, курч мүнөзүнөн тайбай атыптыр.

Кыскасы, береги саясатчылардын баары бийлик төбөлдөрүнүн душмандары. Асыресе, өлкөдөгү “өзгөрүүлөрдү” чыдамсыздык менен күтүп жаткандары жалганбы?.. "

Булак: Азия News гезити

Последние новости