www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыркы шайлоодо Суваналиевди куурчак кылып алган Мадумаров быйыл жетинчи ирет бийликти штурмалап шайлоого аттанган. Адахан Мадумаров Акаевдин заманынан бери келе жаткан саясатчы. Бирок жолу гана кыйчалыш.
Биринчи ирет 2010-жылы октябрдагы парламенттик шайлоого болгон чабуулу ишке ашпай калган. Экинчи ирет, 2011 жылы октябрдагы президенттик шайлоого болгон чабуулу экинчи орун менен аяктаган. Үчүнчү ирет 2015-жылы октябрдагы парламенттик шайлоодо жыдыган.
Төртүнчү ирет 2017-жылы октябрдагы президенттик шайлоого болгон чабуулу үчүнчү орун менен аяктаган. Бешинчи ирет 2020-жылы октябрдагы парламенттик шайлоодо «Каттанини» бурап коюп, жеңишке жеткен, бирок парламенттик шайлоого өтпөй калгандардын Ак үйдү басып алуусу менен бул парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. «Каттани» болсо кол булгалап губернатор болуп, контрабанда менен күрөшө баштады.
Алтынчы ирет 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоого аттанып, бул да ийгиликсиз аяктады. Эми кандай болот?
Венесуэланын президенти Николас Мадуро бир күнү шаардык автобустун айдоочусу ишине кайтып баруу ниетин билдирди: "Мен бир күнү президенттик кызматтан кеткенден кийин автобазаларга башымды бийик көтөрүп, формачан кайтып келип, көчөгө автобус айдап чыгып, кызмат өтөйм деп үмүттөнөм", - деген ал транспорт кызматкерлери менен жолугушуу учурунда.
Мадуро орто билимди өз курагындагылардан кеч алган. Ал иш таштоону уюштурганы үчүн мектептен чыгарылган. Өспүрүм кезинде ал солчул уюмдардын активистине айланган, кийинчерээк автобус айдоочусу жана Каракас метросунун жумушчулар профсоюзунун мүчөсү болгон.
Мадуро 1990-жылдын башында ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин болочок президент жана социалисттик лидер Уго Чавес менен жакын болуп, анын партиясына кошулуп, 1998-жылы республиканын конгрессине шайланган. 2005-жылы Улуттук ассамблеянын төрагасы, 2006-жылы Уго Чавестин өкмөтүндө тышкы иштер министри болгон.
2012-жылы мурдагы президент Уго Чавес көз жумаардан бир нече ай мурда жарандарга алдыдагы президенттик шайлоодо Мадуронун талапкерлигин колдоп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Николас Мадуро Венесуэланын президенти болуп 2013-жылдын апрелинде шайланган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg