www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Шайлоо десе, букага кызылды көрсөткөндөй абалды элестеткен адамдар кандай деңгээлдеги шайлоо болсо да, катыша берет», - деди бүгүн, 21-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине экономист Сейдалы Мырзакматов.

- Кыргызстанда мансапты жакшы көргөндөр көп болгону үчүн депутаттык мандатка ээ болгусу келгендер көппү?

- Кыргызстанда шайлоо десе, букага кызылды көрсөткөндөй абалды элестеткен адамдардын тобу бар. Алар эч убакта Кыргызстандын реалиясын карабайт. Кандай деңгээлдеги шайлоо болсо да, катыша берет. Алар бардар адамдар, көр тирилик менен иши жоктор.

Мисалы, азыркы Жогорку Кеңешке боло турган шайлоону жетишкендик катары көрүп, партиядан тышкары, бир бюллетенде эки жолу добуш бересиңер деп жаңы норма чыгарышты. Эл жөн эле партияны эмес, өздөрү жактырган адамы бар партияны тандайт.

Бул норма - жаңылык же жетишкендик эмес, элдин башын айландырган норма. Жалпысынан алганда, шайлоо таза эле өтсө керек. Бирок постсоветтик жылдары көнүп калган адат, инерция дароо эле калбайт го деп ойлоп турам.

Шайлоочулар да, талапкерлер дагы сөзсүз түрдө кандайдыр бир формада мыйзамсыз кадамдарга барышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости