www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жеринде чечилбеген маселелер үчүн эми акимдер керт башы менен жооп берет, деди президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде.
Андан тышкары, президент - ал бүгүн, 21-октябрда, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамга кол койгонун айтты.
«Эми силерде эч кандай шылтоо болбойт. Бул мыйзам жер-жерлерде маселелерди чече турган бир катар ыйгарым укуктарды берет. Район жетекчилери башкаруу ыкмаларын өзгөртүп, иштегиле», - деди ал.
Президенттин айтымында, эми жарандардын кайрылуулары жергиликтүү бийликтин кемчилиги катары кабыл алынып, тиешелүү чаралар көрүлөт.
Булак: NazarNews.kg