www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европарламент орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга Андрей Сахаров атындагы сыйлыкты ыйгарды. Бул тууралуу саясатчыны сыйлыкка сунуштаган Европарламенттеги фракция кабарлады.
Бул маалыматты 20-октябрь күнү кечке маал Европаламенттин башчысы да тастыктады.
Alexei @navalny is the winner of this year's #SakharovPrize. He has fought tirelessly against the corruption of Vladimir Putin's regime. This cost him his liberty and nearly his life. Today's prize recognises his immense bravery and we reiterate our call for his immediate release pic.twitter.com/Jox7I280kz
— David Sassoli (@EP_President) October 20, 2021
“Эркиндик, демократия жана адам укугу үчүн күрөшүүдөгү эрдиги үчүн” Навальныйдын талапкерлигин сыйлыкка Европарламенттин ири фракциясы – Европа элдик партиясы жана либералдардын “Европаны жаңылоо” фракциясы көрсөткөн. Алар саясатчыны Орусия президенти Владимир Путиндин “башкы саясий атаандашы” деп атаган.
Алексей Навальный январдын аягында Германиядан кайтып келгенде аэропорттон кармалган. Саясатчы химиялык курал менен ууландырылгандан кийин бир нече ай Берлиндеги клиникада дарыланган. Кармалгандан көп узабай, Москва шаарынын Симонов райондук соту Навальныйдын шарттуу жазасын алмаштырып, 3,5 жылга колонияга жөнөткөн.
Оппозиционер жана анын бир тууганы Олег 2014-жылы “Ив Роше” компаниясынын каражатын кымырып алган деп айыпталып, шарттуу кесилген. Ага-ини күнөөнү моюнга алган эмес жана кылмыш ишин саясий буюртма деп баалайт.
Адам укуктары чөйрөсүндө жыл сайын бериле турган сыйлык советтик физик, диссидент, укук коргоочу, Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун урматына 1988-жылы негизделген. Былтыр сыйлыкка беларус оппозициясы жана орус түрмөсүндө отурган украиналык режиссер Олег Сенцов татыган.
Булак: NazarNews.kg