www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл кыргызстандыктардын тиш оорусуна айланган Баткен жергесинде чыр-чатактын ордосу түзүлгөн. Андан тышкары, Бишкек шаарынын райондору, Ысык-Көл району сыяктуу Лейлек району Кыргызстандагы эң «кадыр-барктуу» райондордун катарына кирет.
Бул тууралуу учурунда премьер-министр Жумабек Ибраимов айтып кеткен, ошол учурда эле бул райондорго аким болуш үчүн 200 миң доллар пара берилчү экен. Анткени Лейлек районунда көрүнбөс наркотрафик жана контрабанданын жолдору чиеленишип жатат.
Аскар Шадиев губернатор кезинде 104 гектар жерди Тажикстанга берсе, Коопсуздук кеңешинин катчысы Мадумаров да жер берүү тууралуу келишимдерге кол койгон. Былтыркы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы бийликтин алмашышына шарт түзгөн.
Ушул партияда Арзыбек Буркановдун кан досу №81 Мамыр Рахимов деген талапкер болгон. Быйылкы парламенттик шайлоодо ал партияны тезинен өзгөрттү да, Баткенди алаканына салып жүргүсү келген экс-депутат Арзыбек Бурканов колдоп жаткан «Ишеним» партиясын алдыга сүрөөгө алган.
Мамыр Рахимов бүгүнкү күндө «Ишеним» партиясында №7 орунда. Бир гана эми орундар чечпеси бышык. Быйылкы шайлоонун жакшы жери - №1 болсоң да, парламентке партия чыгып, бирок эл сүрөбөй койсо №1 дагы мандатка жетпей калат.
Ошондуктан, «Ынтымак» партиясы ким канчанчы орунда болоорун «чүчү кулап» кармап чечишти.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg