СҮРӨТ - Садыр Жапаров Венгриянын Тышкы иштер министрин кабыл алды
Расмий кабарлар  |   |  857

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-апрелде, Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртону кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана аны андан ары арттыруу чаралары боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров Европа Биримдигиндеги Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон Венгрия менен мамилелерди жогору баалады.

Бул өнөктөштүктү мындан ары өркүндөтүү максатында Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелерин натыйжалуу чечүү үчүн Кыргыз-венгр стратегиялык кеңешин түзүүнү сунуш кылды.