www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жакынкы 5 жыл аралыгында мамлекеттик саясат жаңы Кыргызстанды курууга, жарандардын ишенимин, ынтымак-биримдигин арттырууга, активдүүлүгүн, жаратмандык потенциалын жогорулатууга, ошондой эле жашоо сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталат», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда, Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине арналган кабыл алууда.

Мамлекет башчысы бүгүнкү иш-чаранын негизги себеби – 2021-жылдын – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын корутундулоо болуп саналарын белгиледи.

Президент келген меймандарга кайрылып, алар өлкөнүн үстүбүздөгү жылы тарыхый маанидеги бир катар орчундуу окуяларды баштан кечиргенине күбө болушканын, тактап айтканда, жыл башында президенттик шайлоону жана башкаруу формасын аныктоо тууралуу конституциялык референдум өткөнүн, андан соң, 11-апрелде “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алуу боюнча бүткүл элдик референдум ийгиликтүү өтүп, кийинки саясий процесстерге нук салганына токтолду.

Садыр Жапаров жаңы Министрлер кабинети куралып, Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет административдик кийлигишүүгө жол берилбей, Жогорку Кеңешке адилет жана таза шайлоо өткөрүлүп, саясий реформалардын дээрлик бир жылга созулган соңку этабы ийгиликтүү жыйынтыкталып жатканын баса белгиледи.

Анын белгилешинче, Кыргызстан 30 жылдан бери тынбай изденүүнүн үстүндө болууда.

«Мен ушул жерден бир ойду жарыя айткым келип турат: биздин изденүүлөрүбүздүн – конституциялык, саясий-экономикалык реформалардын башаты 1990-жылкы окуялардан башталат деп так кесе айтсам жаңылышпайм. Дал ошол жылы, 15-декабрда “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик суверендүүлүгү жөнүндө декларация” деп аталган тарыхый маанидеги документ СССРдин курамындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан салтанаттуу жагдайда кабыл алынган», - деп айтты Садыр Жапаров.

Ал декларациянын 1-беренесинде «Кыргыз Республикасы – кыргыз улутунун өз тагдырын өзү чечүүсүнүн, Республиканын бардык элдеринин коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү эркин тандап алуусунун негизинде бекемделген жана өнүгүп жаткан, республиканын бардык улуттагы граждандарынын таламдарын билдирген жана коргогон суверендүү мамлекет» деп белгиленгенин кошумчалады.

Президент ташка тамга баскандай жазылган бул саптар элибиз коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү эркин тандап алууга болгон укугун жана эрк-ыктыярын дүйнө коомчулугуна ушинтип жар салганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров быйыл 11-апрелде өткөн референдум - 1990-жылы башат алган, жаңыланууга умтулган улуттук изденүүлөрдүн, конституциялык реформалардын корутундусу экенин айтты.

Мамлекет башчысы отуз жыл ичинде улуттук табиятка шайкеш келген өнүгүүнүн оптималдуу моделин издөөнүн түйшүгүн тартып, ар кандай сыноолор баштан өтүп, элдик толкундоолор орун алганын айтып, алардын баары республикада бир катар ички саясий кризистик окуяларга, анын ичинде трагедияларга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө ар түрдүү деңгээлде таасирин тийгизгенин белгилеп өттү.

Садыр Жапаров ошол эле учурда жарандык коому активдүү, адилеттүүлүк, татыктуу жашоо укугу үчүн күрөшкөн өлкө жана эркиндикти сүйгөн эл деген имиджди, беделди сактап кала алганын, Кыргызстан бул мүдөөлөрдөн кыпындай да тайбай турганын билдирди.

Президент жаңы Кыргызстан - өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, ал эми түп келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болуп калууга тийиш экенин өзгөчө белгиледи.

«Мен өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргызстандагы ар бир жарандын жашоо шарты үчүн өзүмдү жоопкер, алардын алдында өтө милдеттүү сеземин. Андыктан менин командам мамлекеттик системада жана экономикада структуралык чоң реформаларды жүзөгө ашыруу менен алпурушууда», - деп айтты Садыр Жапаров.

Өлкөнүн тышкы саясатына токтолгон Президент Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн, коопсуздугун, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоону жана жарандардын укугун коргоону көздөгөн көп багыттуу тышкы саясат улантыла турганын билдирди. Тышкы саясаттын приоритети – Борбор Азиядагы коңшулар менен да, стратегиялык өнөктөштөр Орусия, Түркия жана Кытай менен да ар тараптуу кызматташууну чыңдоо болуп саналат.

Садыр Жапаров инвестициялык, маданий-гуманитардык жана туристтик кызматташууга басым жасоо аркылуу Батыш жана Чыгыш өлкөлөрү менен карым-катышты өөрчүтүү ниетин билдирди.

«Өткөндүн сабагы, келечек алдындагы жоопкерчилик тууралуу кеп козгогон ушул саамдарда Кыргызстандын түптөлүшү үчүн күрөшкөн улуу ата-бабаларды жана алардын тажрыйбасын эскере кетпесек болбойт. XX кылымдагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн бири Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын быйыл жыл бою белгилеп, мааракелик иш-чараларды жыйынтыктоонун алдында турабыз.

Ушул жыйынтыктоочу иш-чаранын алдында Абдрахмановдун урпактары улуу Жусуп атабыздын күндөлүгүнүн түп нускасын улуттук Тарых музейине тапшыруу демилгесин көтөрүп, мага кайрылышты эле. Ыгы келип турган экен, бүгүн тапшырылып, Тарых музейинин эң бир баалуу экспонатына айланды. XX кылымдагы жалпы улуттук тагдырыбыздын ары кызыктуу, ары драмалуу барактарын чагылдырган эң маанилүү саясий документтердин биринен саналган бул кол жазманы бүгүнтөн тарта мамлекеттик өзгөчө коргоодогу улуттук таберик деп жарыялаймын!

Мына ошол Абдрахманов сындуу элинин кызыкчылыгы, Мекенинин бакубаттуулугу үчүн жан үрөп күрөшкөн бабалардын баскан жолун татыктуу уланталы!», - деп жыйынтыктаган Мамлекет башчысы, аны татыктуу улантуу үчүн коомдогу стабилдүүлүк жана эл ичиндеги ынтымак баарынан маанилүү экенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров учурдан пайдаланып, өлкөнүн бардык саясий күчтөрүн, жарандарды, санаалаштары менен оппоненттерин, коомдун бардык катмарын ушул улуу мүдөөнү аркалоо жолунда тилектеш, максатташ болууга үндөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости