www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов КТРКнын эфиринде жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи тууралуу айрым маалыматтарды ачыктады.
Анын айтымында, чакыруу кагаздарында салтанат 10:00дө башталат деп көрсөтүлгөн. Бул убакытта бардык коноктор өздөрүнүн ордунда отурушу керек.
«Андан кийин мамлекеттик белгилер, президенттин төш белгиси жана штандарты алынып келет. Мунун баары мамлекеттик телеканалда түз эфирде көрсөтүлөт», - деди Касмамбетов.
Андан кийин Садыр Жапаров Улуттук филармонияга келет. Кортеж болбойт. Жапаров төшөлгөн килем менен басып келет, аны Улуттук гвардиянын башчысы тосуп алат.
«Жапаров манасчылардын коштоосунда Манастын айкелинин алдына басып келет. Ал жакта кыска убакытка токтоп, имараттын ичине кирет. Калган жагдайларды айта албайм», - деди Касмамбетов.
Салтанаттын соңунда Жапаров эшикке чыгат. Анын алдынан Улуттук гвардиянын аскерлери өтөт.
«Садыр Жапаров келгенче жубайы жана балдары филармонияда болот, алар үчүн орун камдалган. Садыр Жапаровду жубайы коштоп жүрөрү пландалган эмес», - деди Касмамбетов.
Булак: NazarNews.kg