www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун айлана-чөйрөсүндөгүлөр кандай адамдар? Ал октябрь башаламандык учурунда өкмөт башчысы болоор менен анын жанында шыйпалаңдап Мелис Аспеков чыкпай калган. 2020-жылы декабрда Мелис Аспеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы штабын жетектегендигин билдирген. Бирок, Жапаровдун БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алексей Мощин муну четке кагып, үгүт иштери жүрүп жаткан мезгилде Аспековдун өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик кызмат ордуна талапкер менен эч кандай байланышы жок экенин айткан.

Президенттик такты үчүн ат салышып жатканда Садыр Жапаров шайлоо тилкелеринин бирине келип, добуш берүү учурунда маалымат каражат өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп бергенде Мелис Аспеков боюнча суроо узатылды. Шайлоо учурунда Садыр Жапаров: "Ушундай окуя болгондугу тууралуу мен кечээ уктум. Мейли ким болбосун менин таанышымбы, өкүлүмбү же бир тууганымбы ушундай кылмыш ишине барган болсо, баары жооп бериши керек. Анткени биз мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз", - деди. Ал мындан сырткары Аспековдун анын шайлоо штабына тиешеси жоктугун кошумчалады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мелис Аспеков “Кыргыз темир жолу” ишканасынын ишин ЖАМК тарабынан текшерүү болушу мүмкүн экенин, ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен 250 миң доллар талап кылышканын расмий  билдиришкен. Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кылмышка шектелип кармалган Мелис Аспеков менен Улан Жураев 9-мартка чейин камакта калтырылды. Бул маалыматты Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы жергиликтүү ММКлардын бирине ырастаган. Маалыматка ылайык, алар УКМК тергөө абагында камакта болушат.Эске салсак, УКМК эки жарандык активист «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалганын, алар Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмышка шектелип жатканын кабарлаган. Аларды кармоого «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызы негиз болгон.Тергөө учурунда Аспеков менен Жураев укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» башчыларынан 250 миң доллар талап кылганын, ишкана ээлери аталган каражатты бергенин аныкталган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости