www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен Садыр Жапаровго айыл чарба, мал чарба тармагы боюнча жардам берүүгө даярмын. Мындай пикирди легендарлуу парламенттин депутаты, академик, Жамин Акималиев  “NazarNews” маалымат агенттигине кабарлады.  

--“Президенттик шайлоодо Садыр Жапаров алдыга чыкты. Аны коомчулук менен жолугушуу учурунда эле эл колдоп жатканын түшүнгөнбүз. 80 пайыз алуу бул эң жакшы көрсөткүч. Көптөн бери Кыргызстанда мындай боло элек эле. Эл жакшы ниет менен, жакшы үмүт менен ишенип шайлады. Садыр чоң жоопкерчиликти, милдетти алды. Эми элдин мүдөөсүн, ишеничин аткарсын. Көп  өткөрбөй эрте жумушка киришүүсү зарыл. Учурда кептин баары экономиканы көтөрүүдө болуп турат. Себеби, азыр экономика сазга батып кетти. Жапаров коомго ачык айтпаса дагы кандайдыр бир программалар бар экени кошумчалады. Экономиканы көтөрсүн. Эгер тегерек үстөл уюштуруп, бизди чакырса ойлорубузду айтабыз.

Мен билгенден илимпоздор, 30 академик Жапаровду колдойт. Өзүм айыл чарба тармагынын адиси жана мурдагы айыл чарба министри катары ошол тармакта жардам берүүгө даярмын. Кыргызстандын негизги өзөгүн айыл чарбасы түзөт. Менде айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган кеңештер, көптөгөн программалар бар, жол көрсөтүп берем. Буга чейинки президенттер, жетекчилер кайрылышкан жок. “Өздөрүн өзү билип, өтүктөрүн төргө илип” өлкөнү ушул абалга кептешти. Мен массалык маалымат каражаттары аркылуу айтып жаттым. Эгер келишсе тажрыйбам менен бөлүшмөкмүн. Бул Кыргызстандын айыл чарбасын алдыга жылдырууга өбөлгө болмок.

Бүгүнкү күндө айыл чарба министрлигинин алардын иш алып баруу жагын түп тамырынан бери өзгөртүү керек. Жетекчилик алмашканы менен анын канча жылдан бери иштеп келе жаткан адистеринде мандем бар. Жаңы жетекчи келээри менен анын ичи-койнуна кирип, кошоматтанып, тилин таап, жылуу орундунан козголбой ишти иритип-чиритип аткандар ошолор. Дагы бир жолу айтам, бүгүндөн калбай айыл чарба тармагын  түп тамырынан бери өзгөртпөсө, бул жаатта жаркын келечекти көрбөй турам.

Ушул көйгөйлөрдүн үстүнөн президент жана өкмөт иштеши керек. Садыр Жапаров мыкты кадрларды алып, дүйнөлүк стандарт менен иштеп, экспортту көбөйтүшсүн. Ал эми өлкөбүздөгү чарбачылык ишкерлер, дыйкандарыбыз өздөрү дагы аракет кылышсын”,-дейт Акималиев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости