www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу маалыматты Казакстандын президентинин расмий сайты жарыялады.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, добуш берүүнүн жыйынтыктары мамлекеттүүлүктү андан ары чыңдоо жана Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуш кылган программаны жалпы элдик колдоонун далили экендигин айтты.

Казакстандын Президенти боордош Кыргызстан менен достуктун, коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн багытына бекем ниеттенгендигин билдирди.

Садыр Жапаров мамлекет башчысына жана жалпы казак элине Кыргыз Республикасынын туруктуу жана чыгармачыл өнүгүүгө умтулуусунда көрсөткөн чексиз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду Казакстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Кыргыз лидери чакырууну кабыл алып, президент катары биринчи сапарын Казакстанга жасай тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле, ал Касым-Жомарт Токаевди парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүү менен куттуктады.

Казакстандын Президенти Садыр Жапаровго бир тууган Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө чоң ийгиликтерди каалады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости