www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат талдоочу Азамат мырза Бишкектин ыш, түтүнгө чулганган көйгөйүнөн кантип чыгуунун жолдору менен бөлүштү.

-- Шаар абасынын бузулушуна жаңы конуштар себепкерби? Аба булганбаш үчүн кандай жолдорду ойлоп тапсак болот?

-- Жалпы Кыргызстандын абасы таза, бирок Бишкек, Ош шаарларында абал оор. Анын себептеринин эң башкысы – кыш мезгили келип, суук түшкөндө элибиз көбүнчө көмүр жагат. Көмүр менен кошо арткан-каткан таштандылардын баарын жагат. Булардын абага тийгизген терс таасири абдан чоң. Ошон үчүн бул биринчи себеп. Экинчиси – бул унаалар. Унаалар аябай көбөйдү. Алардын сапаты абдан начар, эски. Өнүккөн өлкөлөрдөгү жарактан чыккан унааларды алып келип жатышат. Алар абаны болушунча булгоодо. Үчүнчү себеп – бул ТЭЦ. Ал дагы көмүр менен иштейт. Көмүр менен иштеген соң абага тийгизген терс таасири чоң болот. Ошон үчүн ушул чоң себепти өзгөртүү зарыл.

Биринчиден, көмүр жакканды токтото албайбыз. Бул нерсе бат эле өзгөрүп кетпейт. Себеби, элибиз анчалык бай эмес. Элдин шарты бар болгондо, көмүрдөн кымбатыраак, бирок таза энергоресурстарга өткөрсөк болот. Мисалы, гидроэнергетикага, электрге өткөрсөк сонун болмок. Бизде буга шарт бар. Канча суубуз агып атат, ушуларга кичи ГЭСтерди куруп, ошолордон электр энергия алып, жарандарыбыз көмүрдөн электрге өтүп алса, кандай сонун болмок! Бирок, ал үчүн көп каражат сарпталат.

Инфраструктура куруш керек. Болгон инфраструктура эскирип бүткөн. Аны жаңыртышыбыз зарыл. Ага чоң каражат керек. Андан тышкары, биздин жарандарыбыздын өзүнүн каражаты болушу шарт. Көмүр менен электр энергияны салыштырганда электр энергиясы кымбатыраак болуп калат. Ошон үчүн жарандардын каржылык абалын да ойлошубуз керек. Буларды эске алганда деле көмүрдөн электр энергиясына тез эле өтүп кете албайбыз. Бирок, ага аракеттенип, ошого күч жумшайлы. Анүчүн мамлекет аракетин башташы керек. Электр менен иштеген унааларды көбөйтүп, эски унааларды азайтуу боюнча программаларды иш жүзүнө ашыруу абзел. Бул деле бат эле болуп кетпейт.

Жарандарыбыздын шартына жараша акырындап электромобилдерге өтсөк жакшы. Электромобилдер учурда өтө кымбат. Бишкекте аз эле санда мындай унаалар бар. Келечекте алардын саны көбөйсө, шаарыбыздын абасы тазармак. Мына, ТЭЦти реконструкция кылып жаңыртышты эле, бирок, болбой эле анын абага тийгизген таасири начар болуп жатат. ТЭЦти дагы сапаттуу көмүргө, газга, же башка ресурстарга өткөрсөк, начар абал жакшырмак.

"Азия Ньюс" гезити

Последние новости