www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шанхай Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумду өттү деп тааный турганын миссиянын жетекчиси Владимир Норов бүгүн, 11-январда басма сөз жыйынында билдирди:
--“ШКУнун байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга даярдык учурунан тартып, добуш берүү аяктаганча көз салды. Добуш берүү өнөктүгү Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ачык өттү. Президенттикке талапкерлерге үгүт иштери үчүн бирдей шарт түзүлүп берилгенине күбө болдук. Миссия Кыргызстанда шайлоо ачык, акыйкат жана легитимдүү өттү эсептейт”,-дейт ал.
ШКУнун өкүлү байкоочулар миссиясы тарабынан мыйзам бузуулар катталбаганын кошумчалады. Миссиянын башка мүчөлөрү да жетекчисинин сөзүн кубатташты.
Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg