www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч эм төрөлүп, эркек балдарга Садыр Жапаровдун ысымы берилген үй-бүлөгө керебет жана 3 тонна көмүр берилди. Бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Алыш айылындагы үй-бүлөгө барышкан.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үй-бүлөнү үч тонна көмүр менен камсыз кылууга убада берип, балдар уктоочу керебетин белек кылышты. Ошондой эле, бул үй-бүлөгө кошумча жардам көрсөтүлөрү белгиленди.

Эске салсак, 29-октябрда 21 жаштагы келин үч эм төрөгөн, аларга Садыр, Нуркожо жана Жапар деген ысымдар ыйгарылган. Ысымдар президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун атынан коюлган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости