www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров дагы бир жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо маселелери жөнүндөгү» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлык Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоону камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо боюнча мамлекеттик үлүшү бар жергиликтүү ишканалардын (компаниялардын) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик маанидеги документтерди жасалмалоону жана фальсификациялоону болтурбоо максатында жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, уставдык капиталындагы 65% салымы мамлекетке таандык болгон «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коому Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде мамлекеттик маанидеги документтерди, Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин бланктарын жана атайын мамлекеттик бланктарын, анын ичинде так эсептеги жана отчеттуулуктагы документтердин бланктарын даярдоочу болуп аныкталды.

Министрлер кабинетине белгиленген тартипте тапшырылат:

— «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук типтеги паспортторунун жана улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоого жана (же) персонификациялоого бул мыйзамды жайылтпоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Жогорку Кеңешине кароого киргизсин;

— «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коомун кыргыз өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы №99 токтому менен бекитилген Стратегиялык объектилеринин тизмегине киргизсин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости