www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сагынычты, кусалыкты үйүп алган жүрөгүмдү сезбей кеттиң...

Жамгыр тынбай жаап жатат. Дагы сени эстедим. Чогуу жүргөн, жетелешип, бири-бирине мээрим толгон көздөр менен караган күндөрдү сагындым.

Унутууну канчалык эңсесем да эрким жетпейт. Жылуу колдоруңду сагындым. Сага болгон сүйүүм күн сайын жоголбостон, огобетер күчөп бараткансыйт! Кыйналып турам, жүрөгүм мыжылып, өзүмдү алсыз сезүүдөмүн, бирок айла жок.

Биздин кадамдар алыстагандан тарта жүрөктөр да ээнсирейт. Балким сен мени жөн гана жактыргансың, сен балким мени алдаган чыгарсың, бирок менин сезимдерим чын эле...

Ичине күйүттү, сагынычты, кусалыкты үйүп алган жүрөгүм бар эле. Эми анын абалын ким ойлойт? Жок дегенде сен бир жолу ал жөнүндө сездиң бекен?

Бул жүрөктү сындырып, жабыркатып алуудан коркпойсуңбу? Менин сезимдеримди тепсеп кетүү сен үчүн оңой болду. Мен сенин жашооңдун чаңына айланып, алыста калдым...

Булак: Азия News гезити

Последние новости