www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Манас аба майданында, билет саткан компанияларда абдан уюшулган, пандемияны пайдаланган, жогору жактагылар менен байланышкан коррупциялык схема иштеп жатат», - дейт журналист Айданбек Акматов. Мындай пикирин ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Чөө бизнес...

Кыргызстанда жумушсуздук. Баарынын көзү Россияга бурулган. Эптеп кетүүнүн айласын издегендер көп. Мына ошол мекенинен айласыздыктан кетип жаткан, жумуш издеп бараткан жаштарды, жарандарды чөөчө талаган компаниялар, аларды талоого жол берип, унчукпай табакташ болуп жаткан мамлекеттик органдар, өкмөт, бийлик башчылары отурат.

Кайда Антимонополдук комитет? Кайда Экономикалык кылмышка каршы күрөшкөн полиция? Кайда УКМК? Кайда парламент? Кайда президент?

Бир билеттин баасы 30-65 миң сомдон каалаган бааны коюп сатып жатышат. Негиздемеси 10-15 миң сом. Жаштар карыз алып, коррупционерлердин кулкунуна куюп туруп, араң чыгып кетип жатышат.

Бир учактан коррупционерлер маалымдамадан эле 10-20 миң доллар пайда көрүп жатышат. Эсептеп көрүңүз, бир негиздеменин баасы 10-15 миң сом. Бир учакка 150 адам отурса, анда ар бир каттамдан эле 1.5-2.5 млн. сом же 2-3 миң доллар пайда көрүп жатышат. Бир күндө 10 каттам болсо, анда күнүнө 15-25 млн. сом же 20-30 миң доллар пайда көрүп жатышат.

Мигранттарды шорлоткон мындай акча менен кандай кызматты болбосун 300 миң долларга, 500 миң долларга сатып алуу кеп бекен?

Маалымдаманы Москвада сураган жан жок. Манас аба майданынан да негиздемени карабай туруп, учакка салган атайын шумпайлар жүрөт.

Мына кечээ жакында жакын адамдарыбыз Москвага учуп барышты. Жалпысынан 40-45 миң сомго учушту. Бул жерден негиздемесин текшерген жок. Бирок жооп берүүчүлөр билет менен кошо акчасын алышкан. Москвага түшкөндө негиздеме жөнүндө сөз да болгон эмес, эч ким сураганда эмес.

Манас аба майданында, билет саткан компанияларда абдан уюшулган, пандемияны пайдаланган, жогору жактагылар менен байланышкан коррупциялык схема иштеп жатат.

Эл муну билип жатат. Билип эле жаткан жок, жон тери менен сезип жатат...», - дейт Айданбек Акматов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости