www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башында Садыр Жапаров казино ачууну көздөп, элге ынанымдуу түшүндүрүп берген. Кыргызстанда ишке кире турган казинолорго жарандарыбыздын ойнобосун белгилеп, чет элдиктер гана алектенишерин эскертип. Бул боюнча күч органдары катуу көзөмөлгө алышарын айткан эле. Эгерде айрым мекендешибиз кармалып калса, ал казинонун жабылары да эскертилген.

Демек, көзөмөл эки тараптан тең болот. Мындай жагдайда туристтер, саякатчылар гана кумар ойношору, артынып келген акчаларын таштап кетишери маалым. Талаша турган маселе жок. Бирок, улам эле молдокелер баш көтөрүшүп, мамлекеттик саясатка тиштери өтпөсө да динди бетке кармашып, элдин башын айланта башташты. Азкүн мурда Садыбакас Доолов аттуу сакалчан казионолордун ачылышына каршы ачуу үчүн менен муңканып, бийликти жарга такай сүйлөгөнү кандай?

Ушинтип эле колго-бутка жармашып, өкмөттү элге жек көрсөтө беришеби? Алыс барбай эле коёлу, жакынкы Борбор Азия айдынында молдокелер саясатка, мамлекеттик иштерге аралашмак турсун, оозанып сүйлөшпөйт. Бизде болсо баары башаламандык нукка бурала баштады го? Эй, светтик өлкөбүз! Конституцияда дин саясаттан тышкары экени жазылып турат. А эмне үчүн анда мыйзам аткарылбай, молдокелер көпчүлүктү адаштырууда? Тартипке салууга мезгил келди!

Булак: Азия News гезити

Последние новости