www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-апрелде Ош областына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Араван районуна барып, мобилдик мультидиагностикалык клиниканын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Министрге заманбап диагностикалык жабдуулар менен камсыздалган комплекстин иши, ошондой эле калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн уюштурулушу тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө көңүл алыскы жана айылдык аймактардын жашоочулары үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө бурулду.
Белгиленгендей, клиника Араван районунда иштей баштагандан бери (2026-жылдын 9-мартынан тартып) 3950 бейтапка медициналык жардам көрсөтүлүп, 10 500дөн ашык консультация өткөрүлгөн, ошондой эле катарактаны дарылоону кошкондо офтальмологиялык операциялар жасалган. Клиникада мындан тышкары аз инвазивдүү хирургиялык кийлигишүүлөр жана урологиялык операциялар жүргүзүлөт.
Клиника тар адистердин консультацияларын, лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналган жабдуулар менен камсыздалган адистештирилген медициналык трейлерлерден жана транспорт каражаттарынан турган комплекс болуп саналат. Анын ичинде КТ, УЗИ, рентген, эндоскопиялык процедуралар жана башка диагностиканын түрлөрү бар.
Долбоордун алкагында бардык медициналык кызматтар калкка акысыз көрсөтүлөт, анын ичинде дарыгерлердин консультациялары, текшерүүлөр, операциялар жана дары-дармек менен камсыз кылуу да камтылган.
Долбоор 2021-жылы ишке киргенден бери мобилдик клиника өлкө боюнча 163 миңден ашык бейтапка жардам көрсөтүп, 555 миңден ашык консультация жана дээрлик 290 миң диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзгөн.