www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Женевага (Швейцария) болгон иш сапарынын алкагында Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Pfizer компаниясынын жана "Accord for a Healthier World" эл аралык демилгесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга Accord программасынын өлкөлөр менен иштөө боюнча жетекчиси Исмахен Бенмехиди, программанын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча директору Полин Ирунгу жана менеджер Роберт Тота катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын калкын заманбап жана өтө маанилүү дары-дармектер, анын ичинде онкологиялык ооруларды дарылоо жана химиотерапия үчүн каражаттар менен камсыздоону кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Компания өкүлдөрү Кыргызстан менен, анын ичинде "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин белгилешти.
Ошондой эле учурдагы эл аралык программалардын алкагында дарыларды арзан баада жеткирүүгө кызыкдар экендигин билдиришти. Дары-дармектерди каттоо, мамлекеттик органдар менен иштешүү механизмдерин өркүндөтүү жана социалдык маанидеги медикаменттерди жеткирүү процедураларын тездетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары тараптар маалыматтык жана документациялык коштоо маселелерин, анын ичинде кыргыз тарап менен байланышты жөнөкөйлөтүү үчүн материалдарды тилге адаптациялоо (которуу) жана документтерди даярдоо маселелери сүйлөшүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар заманбап дары-дармектер менен калкты камсыз кылуу жаатында диалогду улантууга жана кызматташуунун мындан аркы механизмдерин иштеп чыгууга өз ара кызыкдар экендиктерин тастыкташты.