www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турсунбек Акун деген бар: “ Батукаевди чыгарбасак 3 күндөн кийин шордуу өлүп калат” –деп жар салган. Арийне, 3 күн эмес алты жыл өттү Батукаев таскактап оюн салып жүрөт. Азырынча Тукең Салянованын ден соолугу боюнча үн ката элек.

 “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган Салянова Бишкектин 1- май райондук сотунун чечими менен 26-июнга чейин №1 тергөө абагында камалган.Кийин анын абактагы мөөнөтү 26-августка чейин узартылган.

Салянова 15-июнда саламаттыгынан улам ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилген.Туугандары ага дарыгерлер жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюшканын айтышкан.

Камактагы экс-башкы прокурор, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянованын оорусу күчөп жатат. Бишкектеги №1 Тергөө абагына кайра которулгандан бери анын саламаттыгы начарлай баштаганын адвокат Рабига Садыкова билдирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости