www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Алматы шаарынын ички иштер бөлүмүнө кол салуу «кагаз жүзүндө» алдын ала пландаштырылган, деп билдирди журналисттерге Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Салтанат Азирбек.

«Коргонууну башкармалыктын жетекчиси өзү (Канат Таймерденов – ред.) алып барды. Бул, демекчи, жаш милиция кызматкерлерине дем берди. Бул максаттуу түрдө жакшы даярдалган топ болчу, анткени, кыязы, алар пландаштырышкан. Кагаздагы чабуул планы болгон. Күчтөр так таркатылган. Бардык байкоочу камераларды алып чыгууга гана жооптуу адамдар болгон. Баардык катышуучуларга курал алып келген негизги топ бар. Ошол эле учурда башка райондук ички иштер бөлүмдөрү да ушундай эле кол салууга дуушар болгон», - деди РИИБдин өкүлү.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрү башталды – өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суютулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыккан.

Кийинчерээк нааразылык акциялары башка шаарларга, анын ичинде республиканын эски борбору жана эң ири шаары болгон Алматыга да жайылган: ал жерде талап-тоноолор башталып, согушкерлер мамлекеттик мекемелерге кол салган, курал-жарактарды тартып алышкан.

Буга жооп иретинде бийлик 19-январга чейин өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялап, антитеррордук операция баштаган. БУУнун маалыматы боюнча, Казакстандагы нааразылык акциялары маалында 1000дей адам жаракат алган.

Республиканын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстандын 17 коопсуздук кызматкери каза болуп, 1,3 миңден ашууну жарадар болгон.

Казакстанда 2022-жылы автотранспорт үчүн газдын литри 60тан 120 теңгеге чыккандан улам митинг башталган. Айрым аймактарда баа 50 теңгеге чейин түшкөнүнө карабай 5-январга караган түнү бир нече шаарда элди кууп-таратуучу заттар колдонулган. Митингдер тынчыбай, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал жарыялаган. Андан соң улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине келген коркунучтарга байланыштуу ал ЖККУ Коопсуздук кеңешине кайрылып, уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Ага ылайык, Кыргызстандан 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн. Алар эртең кайтып келээри айтылды.

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, башаламандык учурунда Казакстанда 164 киши каза болду, алардын экөө кыргызстандыктар экени белгилүү. Башаламандык учурунда ишканалар ишин токтотконунан улам Казакстандын экономикасы 0,8-2,5 миллиард долларга чейин жоготууларга учурашы мүмкүн экени божомолдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости