www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык кызматкерлеринин квалификациясы жогорулатылды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин квалификациясы жогорулатылды. Алар:

- электрондук эсеп-фактураларды;

- электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды жана контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жаатында;

- патенттик системадан салык салуунун башка режимдерине өтүү маселелери боюнча тренингде катышты.

Иш-чаралар Салык кызматынын системасын өнүктүрүү жана ишкерлер үчүн адилеттүү жана ачык-айкын шарттарды түзүү стратегиясынын алкагында уюштурулган. Окутуулар маалыматтык системаларды колдонуу, патенттен башка салык режимдерине өтүү тартиби, ошондой эле бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөтүлгөн салык салуунун ставкалары жана салыктык жеңилдиктердин өзгөчөлүктөрү боюнча өткөрүлдү.

Салык кызматы маалыматтык системаларды ийгиликтүү ишке киргизүүнү камсыздоо жана салык системасына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында ишкерлерди окутуу жана консультация берүү боюнча иштерди активдүү улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости