www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ликер-арак продукциясын мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Тактап айтканда, "Кемин" ички салык постунда жалпы көлөмү 2 миң 80 литр болгон акциздик маркалары жок ликер-арак продукциясын (шарап) мыйзамсыз ташуу фактысына бөгөт коюлган.
Жогоруда көрсөтүлгөн продукциясы бар унаа айып токтотуучу жайга токтотулган. Жакын арада материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет.
Булак: NazarNews.kg