www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы депутат Балбак Түлөбаевдин "көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонбогон ишкерлердин лицензиясы алынып жатат" деген билдирүүсүнө жооп берип, чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Анда Салык кызматы көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонбогон ишкерлердин лицензияларын артка чакыртып алууга укугу жок экени айтылат. Салык мыйзамдарына ылайык, ККМди колдонбогон учурда же бузулган аппарат үчүн административдик айып салынат.
Салык кызматы лицензия талаптарын сактабагандыгы үчүн алкоголдук продукцияны саткандардын гана лицензияларын токтото алат.
2-июнда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Балбак Түлөбаев ККМ колдонбогон ишкерлердин лицензиялары алынып жаткандыгы жөнүндө айткан.
Эске салсак, 30-майда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында жеке ишкерлердин ККМге каршы нааразылык акциясы өткөн.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда эки миңге жакын шаар-кыштактардагы соода түйүндөрүнө көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) киргизиле турганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg