www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы Кант жана Бишкек шаарларында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын сатуу фактыларын аныктады.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарындагы «Мырзабек» дүкөнүнөн акциздик маркасы жок 2 миң 276 куту тамеки табылып, алар тартып алынды.

Товардын жалпы наркы 273 миң 120 сомду түзөт.
Ошондой эле Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарынын аймагындагы соода павильондорунун биринен акциздик маркасы жок 650 куту тамеки аныкталып, конфискацияланды. Анын жалпы баасы 78 миң сом деп бааланган.

Аталган фактылар боюнча рейддик салыктык көзөмөлдүн тиешелүү актылары түзүлүп, чогултулган материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык кызматы эскерткендей, акциздик маркасы жок 200 бирдикке чейинки товарды сатуу үчүн 100 миң сом айып пул каралган. Ал эми мындай продукцияны 200 бирдиктен ашык көлөмдө сатуу кылмыш жоопкерчилигине алып келип, 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн.

Последние новости