www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-мартында зер буюмдарды легалдаштыруу кампаниясын жыйынтыктады.

Кампаниянын жүрүшүндө 942 ишкер жалпы суммасы дээрлик 16,8 млрд сомду түзгөн зер буюмдарын легалдаштырып, 1 604 электрондук эсеп-фактура тариздеди.

Легалдаштыруунун жүрүшүндө келип чыгышын тастыктаган документтери жок зер буюмдарынын калдыктары тууралуу маалыматтар Салык кызматынын маалымат базасына киргизилди.

Бул мындан ары аталган тармактагы продукциянын жүгүртүлүшүн натыйжалуу эсепке алууну жана көзөмөлдөөнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Өткөрүлгөн кампания салыктык башкарууну өркүндөтүү, экономиканын ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларга ишенимди бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болуп калды.

Эскерте кетсек, зер буюмдарын легалдаштыруу кампаниясы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлгөн.

Салык кызматы мындан ары да мыйзам талаптарын сактоо жана ишкерлер үчүн бирдей жана ак ниет шарттарды түзүү үчүн бизнес-коомчулук менен активдүү кызматташууну улантат.

Последние новости