www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга 2026-жылдын 1-сентябрына чейин мүлк жана жер салыгын төлөө зарылдыгын эскертти.

Мекеменин маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгын, ошондой эле үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгын төлөө керек.

2026-жылга эсептелген салыктын суммасы салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде жеткиликтүү.

Ошондой эле төлөм кодун же QR-кодду түзүп, салыкты онлайн төлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Салык кызматы белгилегендей, белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктар боюнча карыздын суммасына ар бир кечиккен күн үчүн 0,09 пайыз өлчөмүндө туум эсептелет.

Последние новости