www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсиңиздерде болсо, 2024-жылдын 6-декабрь күнү Алтынбек Абдувапов башында турган салык кызматынын жетекчилери “өлкө казынасына 30 миллиард сом зыян келтирди” деген айып менен камакка алынышкан.
Атап айтсак, төрага Абдувапов өзү, биринчи орун басары Ислам Кыдыргычов, Бишкек шаардык жана райондук салык кызматынын жетекчилерин алганда, жалпысынан алты чиновник УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
Эки айдан кийин райондук, шаардык жетекчилер төрага Абдуваповго тикелей көрсөтмө беришип, абактан чыгышкан.
Ал эми төрага менен орун басары алигүнчө камакта.
Эми айталы дегенибиз так ушул салык кызматынын экс-төрагасы Алтынбек Каныбекович тууралуу. Биздин каарман айтылуу Акылбек Үсөнбековичтин көздөй кадры, балапан кезинен бери бапестеп өстүргөн, кызматтан жогору көтөргөн дегендей. Анан Кудайдын буйругу, президенттин колдоосу менен өлкөнүн экинчи адамына айланган Акылбек Жапаровдун жылдызы жанган учурда Алтынбек Абдуваповдун да кел-кели келип, салык кызматын тескебедиби.
Колдоочусу өкмөт башчы өзү болсо, Алтыкең эмнеден корксун?
Салык тармагын саан уйдай эле саады го, чиркин!
Жетекчилерди байпак алмаштыргандай эле калчаганына коомчулук күбө, айрым райондун башчылары 15-20 күн иштешип, коллектив менен толук таанышканга жетишпей жумуштан алынган фактылар кашкайды. Ошолордун деле кусуру уруп кеттиби (?) деп ойлоп коёсуң кээде...
Эми болсо жазасын тартып отурат. Албетте, таба эмес, тобо дейли. Салык кызматынын төрагалыгына келген Абдувапов аныгында Акылбек Жапаровдун колдоосу аркылуу аталган кызматтын генерал-полковниги деген бакандай чинди мыйзам бузуу жолу менен алганын коомчулук биле бербесе керек. Анысы аз келгенсип, кийин “Манас” орденин тагынды, бери жакта карап туруп баарыбыз уялдык. Биз эмес Алтынбек Каныбекович өзү деле уялганбы, айтор, генерал-полковник деген чин тагылган салыкчылардын формасын бир да жолу кийип чыкпаптыр. Эми соттун чечими менен ал даражанын да тагдыры чечилсе керек...
"Азия Ньюс" гезити