www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Салымбеков Раиса Атамбаевага бриллиант сөйкө  таккан дешет, эмне экен №2 бай-олигарх, №1 мульти-миллиардердин жубайына бриллиант  сөйкө такса, № 3 бай-олигарх Бабанов жыл сайын чөгөлөп барып бриллиант сөйкө такчу дешет го?

Салымбеков бизнеске батынып Борбор Азия боюнча биринчилерден кирген. Так эсебин билбейм, угушубузча жыйырма беш миң адам “Дордой” менен күн көрүп келатат. Бир гана Кыргызстандан эмес Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Орусия  сыяктуу мамлекеттердин жарандары “Дордойду” ортомчу кылып калышкан. Казактар “Дордойду” туурап “Хоргос” базарын ачышкан, анын жанына Нуркент деген шаар куруп жатат. Мамлекет бул базардын Борбор Азияда биринчи болушу үчүн кам көрүп жатат. Темир жолду туташтырып жатат, инфраструктурасын түзүп жатат.

А биздечи, учурунда баткактын үстүндө курулуп, Борбор Азияда алдыңкылыкты бербей келаткан “Дордойду” Бажы Биримдиги түзүлгөн соң  “Хоргостун” алдына салып беришти. “Дордойду” мыйзам менен ЕврАзЭС алдында мамлекет башчысы Атамбаев коргоп калышы керек эле, казактарга “Хоргоско” биринчиликти бербеш керек эле. Эмки президенттин Салымбековго көзү түз окшойт, футбол боюнча  анын эмгегин баалап орден берди, арийне анын “Эмгеги” качан бааланат белгисиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости