www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилек Самаков, "Жапаров Атамбаевге боор тартып, Жээнбековду кет дегени түндүк-түштүк ажырымын күчөтөт!" - деди. Ага кошумча: 

- Садыр Жапаров от менен ойноп жатат. Эң оор кылмыштар менен камалган Атамбаевди үй камагына чыгарам, Жээнбековду кетирем дейт. Бандиттери менен мамлекетти басып алып, каалагандай беспредел кылууда. Мунун жыйынтыгы менен Россия Кыргызстанга карата каржылык колдоосун токтотту.  Садыр эң чоң ката кетирип жатат. Эгер эртерек мыйзам талаасына келбесе, алдыда жарандык согуш, түндүк-түштүк маселесинин курчуп кетүүсү,  экономикалык кризис, РФнын мигранттарга карата кысымынын күчөшү күтүлөт.  6,5 млн элдин тагдырын Түптөн келип алган 2000 жердеши менен калчап жатат. Алары болсо көөп кетти, шаардын элинин тынчын алууда. Ысык-Көлдө пансонаттар тонолуп, буларга баш ийбегендерди өрттөп кетебиз деп басынтып жатканы кабарланды. Бардык зыяндарга Ташиев экөө башы менен жооп берсин. Беспредел токтотсун,  болбосо жарандык согушка алып бара жатат, - деди Тилек Самаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости