www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Самарканд шаарында 2,2 килограммдык алп картошка өстүрүлүп жатат. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, учурда окумуштуулар өсүмдүктүн жаңы сортторун өстүрүү менен бирге анын түшүмүн жогорулатуунун үстүндө иштеп жатышат. Анын аркасында Самарканд облусунун талааларында 2 килограммдан 2,2 килограммга чейинки картошка алынууда. 

Тайлак районунда жайгашкан илим-изилдөө институтунун Самарканд илимий-тажрыйба станциясында Bogizogon, Evolyushin, Ra'nomi, Arizona, Silvana жана Lusinda сортундагы картошка эгилген. 11 гектар жердин ар гектарынан орточо 35-40 тоннадан 50-52 тоннага чейин түшүм алынууда. Мында картошкалардын эң алпы 2-2,2 килограммга чейин, ал эми орточосу 350-600 грамм салмакка жетет. 

Адистердин айтымында, мындай натыйжаларга которуштуруп айдоо, себүү мөөнөттөрүн туура жүргүзүү, тамчылатып жана жамгыр менен сугаруу, вегетация мезгилинде микро жана макроэлементтерди камтыган аш болумдуу заттар менен 2-3 эсе суспензиялоонун натыйжасында жетишилген.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн мамлекеттик реестрине Өзбекстанда отургузууга сунуш кылынган картошканын 131 сорту киргизилген, анын ичинен 19 сорту жергиликтүү илимий институттар тарабынан түзүлгөн. Картошканы интенсивдүү түрдө зыянкечтери жок өстүрүү үчүн Ташкентте, ошондой эле Ташкент жана Анжиян облустарында 5 заманбап in vitro лабораториялары түзүлгөн. Ал эми 2021-жылы Ташкент облусунун Юкоричирчик районунда Өзбекстан-Венгрия картошка илимий борборунун ишмердүүлүгү түзүлгөн.

Кызматташуу келишиминин негизинде Венгриядан картошканын 6 сорту (Aranu clipke, Balatoni Rossa, Demon, Botant, White, 09-688) алынып келинип, азыр аталган өлкөнүн кыртыш-климаттык шартында сыналууда.

Картошка өстүрүүнү өнүктүрүү максатында жаңы система катары картошка өстүрүүчүлөр ассоциациясы, тогуз райондо картошка өстүрүү борборлору, ошондой эле сегиз картошка кластери түзүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Өзбекстанда картошканын жылдык керектөөсү болжол менен 4 миллион тоннаны түзөт. Бул көлөмдүн 80 пайыздан ашыгы Өзбекстанда өндүрүлүп, калганы сырттан ташылып келинет.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости