www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат жана суу ресурстары комитетинин жыйынына чогулган. Анда депутат Самат Исманов элдин акчасына чардап, кымбат баалуу унаада жүргөн аткаминерлерге сын айтып, суу маселесин тез арада чечүүнүн талап кылды.
«Биз деген агрардык республикабыз. Бизде суу деген бар. Башка мамлекеттерди карап көрөлүчү Кашгар, Синь-Цяньда, Казакстанда, Тибетте суусу «практически» жок деп айтсак болот. Ошондо деле алардын айыл чарбасы өнүгүп жатпайбы. Алдын ала иштерди жүргүзүү деген жок да бизде. БСРге ошол сууларды чогултсак деле болмок да. Казактар, өзбектер деле ошол биздин сууну чогултуп жатышпайбы.
«Ложка дегтя портит бочку меда» дегендей, азыр кетем мына кетем дебей иштегиле да. Же болбосо мен жоопкерчиликке даярмын деп айтпай эле кетип калыш керек. Ачыгын айтканда биз көп сүйлөйт экенбиз да. Баарын кыйратабыз дейт. Кана кыйраткандары? УОСтун начальниктеринин машинелерин карагылачы. Санап берейинби, кимдин кандай машине айдаганын? Ошонун баары коррупция да. Элдин суусун сатып бутка туруп жатышат. Ушунун баарын токтоткула сураныч!», - деп белгиледи депутат.
Булак: NazarNews.kg