www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-декабрь Мигранттардын эл аралык күнү. Бул күнгө утурлай борбор калаада иш-чара өткөрүлүп, анда пандемиянын мигранттарга тийгизген таасири, негизи эле миграция маселе тууралуу талкууланды.

Өлкөнүн Миграция кызматынын башчысы Самат Токтоболотов панедмияда мигранттар өздөрүнүн ынтымактуу эл экенин көрсөткөнүн айтат.

"Пандемия башталганда алгач абдан оор болду. Бирок биздин элчилик диаспора абдан активдүү иштеди. Ар кайсы жактан түрдүү жардамдар келип жатты. Анан калса биздин мигранттар абдан ынтымактуу экендигин көрсөттүү. Ошондой эле биздин мигранттардын жаңы образы түзүлдү. Алардын билим деңгээли өстү десем болот. Себеби алар чет өлкөдө өздөрүн кандай алып жүрүүнү, мыйзамды сактоону билишет. Келгиле мигранттардын эмгегин баалайлы. Бүгүнкү майрамы менен бардык мигранттарды куттуктайм", - деди ал.

Ал эми "Жашы улгайгандар үчүн ресурстук борборунун" координатору Юлия Саломатина кыргыз мигранттары үчүн иштелип чыккан долбоор аз убакыт аралыгында өзүнүн жыйынтыгын көрсөтүп жатканын белгиледи.

"Ушул жылдын август айында биздин борбор USAİD менен биргеликте "Борбордук Азиядагы коопсуз миграция" проектин иштеп чыкты. Анда жүздөгөн мигранттарга юридикалык жана психологиялык жактан адистерден күнү-түнү акысыз онлайн кеңеш берилип жатты. Биздин кызмат аларга социалдык тармактар аркылуу көрсөтүлүүдө. Сентябрь-ноябрь айларынын аралыгында биздин кызматтан 501 мигрант пайдаланды. Алардын көпчүлүгү айымдар болду. Ошондой эле көбүнесе юридикалык жактан жардам сурагандан кайрылды", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости