www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө биринчилигинде бардык атаандаштарын татыктуу жеӊип, алтын медалдын ээси болгон балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбековага дүйнөнүн эӊ күчтүү өлкөлөрүнөн сунуштар түшүп жатат. Алар мыкты шарт жана эӊ жогорку айлык, чоӊ кирешени сунушташууда. Бул тууралуу Айсулуунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков ВВСге берген маегинде билдирди. 

«Биз дүйнөнүн бир топ кубаттуу өлкөлөрүнөн укмуш шарттарды убада кылган сунуштарды абдан эле көп алдык. Азыр да ар кыл сунуштар келип жатат. Мына Орусиянын канчалаган спортчулары башка күчтүү мамлекеттердин атынан чыгып, алардын желегин көтөрүп жатат. Өзгөчө кавказ тектүү балбандардын башка мамлекеттердин атынан чыгып жатышы буга мисал. Укмуш шарттар менен кызыктырып чакырганына карабай биз эч кимдин сунушун кабыл алган жокпуз жана кабыл албайбыз. Бизге чоң акча, жакшы шарттардан дагы маанилүүсү Кыргызстан, намыс деген бийик сезимдер бар. Биз ошондуктан өз өлкөбүздүн гана күрөшчүлөрү болобуз»,- деди Изабеков. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости