www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элинин алгачкы агартуучуларынын бири, педагог, котормочу, публицист, туңгуч лексикограф жана лексиколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына карата Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бир айлык жарыялайт.

Иш-чарага өлкө боюнча бардык мамлекеттик-муниципалдык мекемелер, ишкана-уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, билим берүү мекемелери жана башка каалоочулар катыша алат.

Бир айлык залкар инсандын өрнөктүү өмүр жолун жаштарга үлгү кылуу, эмгектерин, илимий мурасын жайылтуу, коомчулукту сабаттуулукка үндөө, кыргыз тилинин байлыгын даңазалоо максатында уюштурулуп жатат.

Иш-чара 21-декабрдан 21-январга чейин жүрүп, онлайн жана офлайн түрүндө ар кандай багыттагы илимий, интеллектуалдык, маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Бир айлыктын алкагында жүргүзүлгөн иштерде сабаттуулукка өзгөчө көңүл бурулат.

Толук маалыматты mamtil.kg сайтынан алса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости