www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Талант Мамытов менен Матраимовдун жашыруун достугу тууралуу эмне айта аласыз? Дегеле Матраимовдордун басымынан же таасиринен кутулуу мүмкүнбү?

- Мамытов-Матраимов достугу жөнүндө билбейт экенмин. Бирок, Матраимов деген чоң бизнес долбоор да. Анын Кыргызстан аркылуу чоң-чоң өлкөлөргө бизнеси тараган. Негизи аны Жээнбеков президент учурунда эле жоопко тартыш керек эле. Бирок, Жээнбеков Матраимовдон ажыраса, Кара-Сууну жоготуп, Түштүктөн колдоо таппай калмак. Анткени Матраимовдордун кланы чоң. Саясатта Жээнбеков Россия тарапка көбүрөөк ыктаганы үчүн да журналисттердин иликтөөлөрүн көз жаздымда калтырды.

Азыр деле абал ошол. Демократияны жактагандар Матраимовдун жоопко тартылышын каалашат. Бирок, Жапаров менен Матраимовдордун мамилеси бузулуп кетсе, регионалдык карама-каршылык башталышы мүмкүн. Анда Батыштын оюнуна шарт түзүлөт.

Мына минтип, «Магнитскийдин тизмеси» башталды. Андай тизме Путинге каршы саясат жүргүзүү үчүн Россиянын олигархтарына да түзүлгөн. Ал тизмеге биздеги бир топ элита, олигархтар түшүп калышы ыктымал. Азыр аларда коркуу сезим пайда болду. Анткен менен Матраимовдон бай Шадиев Америкада бизнесин жүргүзүп жатат. Бирок, ага эч ким тийишкен жок. Ошондуктан, бул геосаясаттагы чоң оюн.

Эми АКШ Кыргызстанга да катуу кирише баштады. Менин оюмча, 10-январда шайлоо бүткөндөн кийин чатак башталат окшойт. АКШнын саясатынын артынан биздеги жарандык коом дагы кандайдыр бир деңгээлде күч алды.

- Бизде коррупцияга шектүү делген байлар той өткөрсө эле көп саясатчылар, мамкызматкерлер жетип барып жатышпайбы. Өлкөнү өзгөртөбүз деген убакта ушинтип жүрүү нормалдуу көрүнүшпү?

- Негизи эле саясатчылар байлардын көзүн карап турушат. Мындай көрүнүш бир эле Кыргызстанда эмес, Америка, Россияда деле ошол.

Бизде саясий чөйрөдөгүлөр байлар менен жакын мамилелеш болуп, алардын тойлоруна чуркап барышат. Эгер Американын азыркы тапта кыргызстандык байларга карата жүргүзүп жаткан саясаты болбогондо, байлар менен эч кимдин деле иши болмок эмес. Жогорку соттун судьясынын кармалышы деле ушуга байланыштуу. Мунун артынан чоң саясий иштер ачылат деген ойдомун.

- Айрым саясатчылар элдин атынан Россияга кошулуу керектигин айта башташты. Мындай билдирүүлөрдүн тарап жатышы эмнеге байланыштуу?

- Мындай билдирүү жасап жаткандары туура эмес. Муну менен элдин кыжырына тийишүүдө. Ким аны айтып жатса да, ал элдин колдоосун таппайт. Мындай билдирүүлөр Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилени ого бетер бузат.

- Бүгүн өлкө кимге ишениши керек?

- Өзүбүзгө. Кыргызстандын ичинде Россия менен АКШ бири-бири менен алышып жатат. Алар Кыргызстан үчүн күрөшүүдө. Россия Армения, Украина, Азербайжан, Грузия сыяктуу өнөктөштөрүн жоготту. Молдова менен Беларусь да алардын артынан баратат. Эми Орто Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан, Казакстан чоң саясий оюндун ичинде турат. Майк Помпеонун Твиттердеги өзүнүн баракчасына Матраимовдорду Магнитский тизмесине киргизишкенин билдирүүсү деле мындан кабар берет. Ушул шайлоо процесстеринен кийин өтө сак болушубуз керек. Ичтен ыдырасак, Кыргызстанды жоготуп алуу коркунучундабыз.

Бир ай мурун АКШнын мамлекеттик департаменти «Чыгыш Түркестандын ислам кыймылы» деген Афганистандагы террордук уюмун кара тизмеден чыгарды. Эгер тарыхка таянсак, Югославиядагы согуш алдында Косоводогу албандардын террордук партиясы тизмеден чыгарылган. Жарым жыл өтпөй «Югославия сценарийи» башталган. Ошон үчүн Садыр Жапаровду жалпы колдоп, ага саясий ишмерлер, эксперттер жол көрсөтүп жардамдашса, өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн туура болмок.

Булак: «Азия News» гезити

 

Последние новости