www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Самидин Атабаев Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз Закиров кол коюп, жамаатка тааныштырды. Самидин Атабаев буга чейин Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы кызматын аркалап келген.
Өмүр таржымалы:
Атабаев Самидин Абдираимович 1973-жылдын 27-декабрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында жарык дүйнөгө келген. 1981-жылы Өзгөн районуна караштуу «Комсомол» орто мектебине кабыл алынып, 1991-жылы бүткөн. 1991-1995-жылдары Бишкек шаарында жайгашкан «Азрети Умар» атындагы Кыргызстан Ислам институтун ийгиликтүү аяктаган.
1995-1996-жылдары Бишкек шаарында аскердик кызматын өтөгөн. 2002-2006-жылдары Казань шаарындагы Орусия Ислам университетин ийгиликтүү аяктаган. Мындан сырткары, 2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүп, «юриспруденция» адистигине ээ болгон. Ошондой эле 2020-жылы КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институтуна тапшырып, учурда аталган инситуттун аспиранты.
Өзүнүн эмгек жолун 2006-жылы Өзгөн районундагы «Абдираим каары» медресесинде окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалоодон баштаган. 2008-2010-жылдары Өзгөн районундагы «Имам аль-Бухарий» ислам институтунун окуу иштери боюнча проректору, 2010-2015-жылдары Өзгөн районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенген. 2015-жылдын 28-августунда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүндөгү бош ваканттык орундар үчүн жарыяланган конкурстан ийгиликтүү өтүп, Ош облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалган. Ал 6 жылдык казылык мөөнөтүндө руханий агартуу иштерине жигердүү аралашып, эл биримдиги, этностор аралык ынтымактын бекемделишине кызмат кылып, исламдын нукура, көөнө, салттуу дүйнө таанымы жана маданиятынын жайылышына салым кошкон.
Үй-бүлөлүү. Эки уул, төрт кыздын атасы.